Nokia 1200 - Тастыктоо маалыматы (SAR)

background image

Тастыктоо маалыматы (SAR)
БУЛ МОБИЛДИК АППАРАТ РАДИО ТОЛКУНДАРЫНЫН

ТААСИРИ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН

ЖОЛДОМОЛОРДУН ТАЛАПТАРЫНА ЖООП БЕРЕТ.

Уюлдук телефонуңуз – радио жибергич жана кабыл

алгыч. Ал эл аралык колдонмолордун радио

толкундарынын таасиринин чектен ашпоосу жөнүндө

сунуштарын эске алуу менен иштеп чыгарылган. Бул

колдонмолор ICNIRP көз каранды эмес илимий уюму

тарабынан түзүлүп, баардык жаштагы жана ден соолук

абалындагы адамдарды сактоо үчүн коопсуздук

чектерин камтыйт.

Уюлдук аппараттардын таасир колдонмолору Specific

Absorption Rate (Салыштырма Сиңме Чен) же SAR аттуу

ченемин пайдаланат. ICNIRP колдонмолорунда

жайгашкан SAR чеги 2,0 Ватт/килограммга (Вт/кг) орточо

10 грамм дене ткандарына туура келет. Стандарттык

операция түзүлүштөрү колдонулуп жана бардык

текшерилген жыштыктарда аппарат эң жогорку

кубаттулугунда иштетилип SAR тесттер өткөрүлгөн.

Иштеп жаткан аппараттын SAR деңгээли максималдык

баалоодон төмөн болушу мүмкүн, анткени аппарат

тармагына жетүү үчүн талап кылынган кубаттуулук

менен иштөөгө түзүлгөн. Тармак станциясына канчалык

жакын жайгашканыңыз сыяктуу факторлорго жараша

ошол сан өзгөрүп турат.

ICNIRP колдонмолору астындагы SAR эң чоң саны

аппаратты кулакка тийгизгенде 1,07 ватт/кг (RH-99) же

1,01 ватт/кг (RH-105) болуп чыгат.

Аппаратка туташтырылган кошумча жабдуулар

колдонуусу SAR нарктарын өзгөртүп салат. SAR

нарктардын өзгөрүүсүнө өлкөдөгү отчет берүү

стандарттар, сынамак талаптар жана тармактын тилкеси

өзүнүн салымын кошот. Кошумча SAR маалыматты

www.nokia.com өнүм маалымат астында таап алса

болот.

Кошумча коопсуздук маалымат

15

background image

ЫЛАЙЫК КЕЛҮҮ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ

Ушуну менен NOKIA CORPORATION мындагы RH-99/

RH-105 продукттун 1999/5/EC Директивасынын негизги

талаптарына жана башка тиешелүү жоболоруна дал

келгенин жарыя кылат. Ылайык келүү Декларациясынын

көчүрмөсүн төмөнкү даректен тапса болот http://

www.nokia.com/phones/declaration_of_conformity/.

© 2009 Nokia. Бардык укуктар сакталды.

Nokia, Nokia connecting people жана Navi Nokia

Corporation соода белгилери же катталган соода

белгилери. Nokia tune Nokia Corporation үн белгиси.

Мында жана мындан кийин аталган башка өнүм жана

компания аттары тиешелүү ээлерге тийиштүү соода

белгилери жана соода аттары болушу ыктымал.

Nokia жазуу түрүндө алдын ала берилген уруксатысыз

бул документтин үзүндүсүн же толук мазмунун

кандайдыр бир түрдө кайра чыгарууга, колдон колго

өткөрүүгө, таратууга жана сактоого тыюу салынат. Nokia

тынымсыз өнүгүү саясатын жүргүзөт. Nokia бул

документте көрсөтүлгөн кайсы өнүм болбосун, алдын

ала билдирүүсүз өзгөртүүлөрдү жана жакшыртууларды

киргизүү укугун сактайт.

ТИЕШЕЛҮҮ МЫЙЗАМ ЖОЛ БЕРГЕН МАКСИМАЛДУУ

ДАРАЖАДА NOKIA ЖЕ АНЫН ЛИЦЕНЗИЯСЫ МЕНЕН

ИШТЕГЕНДЕР КАНДАЙ ГАНА КЫРДААЛ БОЛБОСУН,

МААЛЫМАТ ЖЕ КИРЕШЕ ЖОГОТУУЛАРЫНА, ЖЕ

АТАЙЫН, КОКУСТАН, ТҮЗДӨН-ТҮЗ ЖЕ КЫЙЫР

ЖОГОТУУЛАРГА ЖООП БЕРБЕЙТ.

БУЛ ДОКУМЕНТТИН МАЗМУНУ "КАНДАЙ БОЛСО

ОШОНДОЙ" БЕРИЛДИ. ТИЕШЕЛҮҮ МЫЙЗАМ ТАЛАП

КЫЛБАГАН БАРДЫК УЧУРДА, ЭЧ КАНДАЙ ГАРАНТИЯ

АЧЫК ТҮРДӨ ЖЕ МААНИСИНЕН КЕЛИП ЧЫГУУЧУ,

АНЫН ИЧИНДЕ, БИРОК АНЫ МЕНЕН ЧЕКТЕЛБЕСТЕН

ТОВАРДЫН АЙРЫМ МАКСАТТАРГА ЖАРАМДУУЛУК

ЖАНА БҮТҮНДҮК ГАРАНТИЯСЫ УШУЛ

ДОКУМЕНТТИН ТАКТЫГЫ, ТУУРАЛУГЫ ЖЕ МАЗМУНУ

БОЮНЧА БЕРИЛБЕЙТ. NOKIA, БУЛ ДОКУМЕНТКЕ

АЛДЫН АЛА МААЛЫМДООСУЗ ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ

КИРГИЗҮҮ ЖЕ АЛЫП САЛУУ УКУГУН САКТАЙТ.

Белгилүү бир продукттардын жана аларга тиешелүү

кошумча бөлүктөрдүн жана кызматтардын болушу ар

региондо ар кандай болушу мүмкүн. Кошумча маалымат

үчүн же тил тандоо суроолору боюнча Nokia

дилериңизге кайрылыңыз. Бул аппарат АКШнын жана

башка өлкөлөрдүн экспорт боюнча мыйзам жана

токтомдордун предмети болгон товарларды,

технологияларды же камсыздоо программаларды

камтышы мүмкүн. Мыйзамдын чегинен чыгууга тыюу

салынат.

9207659/3. чыгыш KY

16